"Жөн эле акчасын алып..." Депутат Аманова жаңы илим министрине сунуштарды берди (видео)
Бүгүн, 25-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындалган Гүлзат Исаматовага бир нече сунуштарды берди.
Депутаттын айтымында, учурда жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттердин арасында алыскы аймактардан келген жаштардын саны көп. Алардын көбү турак жай маселесине туш болуп, окуу менен жашоону айкалыштыруу кыйынчылыктарын баштан кечиришет.
"Батирдин акчасын студенттер эмес, кызмат адамдары эптей албай жатышат. Ош жана Бишкек шаарындагы Жогорку окуу жайларын милдеттендирип, канча студент болсо, ошончосуна келишимдин негизинде жатакана салышсын. Камсыз кылып, анан алсын студенттерди. Жөн эле акчасын алып, балдарды таштап салбай. Ата-энелер алыскы аймактардан жөнөтөт балдарын, алардын абалына кызыккан адам жок. Айрым студенттер жагымсыз нерселерге аралашып кетип жатышат. Мунун баары социалдык абалдан улам келип чыгууда. Ойноп-күлүп, жакшынакай билим алуусу үчүн биринчи жашоо шартын карайлы. Андыктан ЖОЖдордун келишимдерин карап, студенттерге эмне кылыш керектигин билип чыксаңыздар", - деди эл өкүлү.
Мындан тышкары Аманова илимий излдөөгө да көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Депутат Аманова жаңы илим министрине сунуштарды берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















