Бишкекте IV Элдик курултайдын экинчи күнү башталды
Бүгүн, 26-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өз ишин улантууда.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.
Курултайга өлкө боюнча 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган 700 делегаттын 690у катышууда. Алардын ичинен 146сы аялдар, 554ү эркектер.
Делегаттар эл тарабынан шайланып келишип, аймактардагы көйгөйлөрдү, сунуш-пикирлерди бийликке жеткирүүдө. Өз кезегинде мамлекеттик органдар бул маселелерди чечүү багытында иш алып барууга ниеттенүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















