АКШ Нигериядагы ИГИЛ террорчуларына сокку урду
АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн буйругу менен америкалык аскерлер Нигериянын түндүк-батышындагы ИГИЛ террордук уюмуна (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) каршы сокку урганын билдирди.
Трамп алар бейкүнөө христиандарды мыкаачылык менен өлтүрүп жатышканын белгиледи.
"Мен бул террорчуларга мурда эскерткем, эгерде алар христиандарды өлтүрүүнү токтотпосо, алар абдан чоң бааны төлөшөт жана так ушундай болду... Согуш министрлиги (ред.: АКШнын Коргоо министрлигин өзгөрттү) Америка Кошмо Штаттары гана жасай ала турган көптөгөн сонун соккуларды жасады",- деп жазды ал.
Ак үйдүн башчысы бирок кайсы конкреттүү бутага сокку урулганын тактаган жок.
АКШнын Африкадагы командачылыгы соккулар Нигериянын өкмөтүнүн талабы боюнча жасалганын билдирди. Пентагон чабуулдар Сокото штатына жасалганын кабарлады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















