super.kg logo

Элдик курултайда өлүм жазасын киргизүү сунушталды

 

Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө бишкектик делегат Гаарба Орозматов мамлекетке олуттуу зыян келтирген жемкорлорго жана жаш балдар менен кыздарга ыдык, зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады.

"Албетте, муну тиешелүү органдар так аныктап чыкса гана аткаруу зарыл. Анткени, "бөрк ал десе, баш алган" учур болуп кетпесин",- деди ал.

Орозматов жазанын мындай түрүн киргизүүнү Конституциялык сот кайрадан караса деген пикирин кошумчалады.

Буга чейин Конституциялык сот президенттин “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу сунушун карап, өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Башмыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянак чыгарган.

Башмыйзамга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору октябрь айында коомдук талкууга коюлган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: