Курултай делегаты Майлуу-Суу лампа заводунун абалын айтып президентке кайрылды
Элдик курултайга Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынан келген делегат Абдуллахав Нуралиев өлкө башчыдан Майлуу-Суу лампа зоводун толук кандуу иштетип берүүнү өтүндү.
Айтымында, аталган заводду толук кандуу иштетүү менен аймактагы жумушсуздук маселеси дагы чечилмек.
"Завод туруктуу иштебей тургандыктан шаар бюджетине салык түшпөй, калаанын өнүгүшүнө тоскоолдуктар жаралууда. Жаштар, кесипкөй адистер шаарды таштап, иш издеп кетишүүдө. Бул завод 61 жылдан бери иштеп келе жатат. Буга көзөмөл жүргүзүп, бизге жардам көрсөтүүнү суранам",- деди ал.
Ошондой эле делегат бул үчүн тийиштүү суммада каражат бөлүп, заводдун туруктуу иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү президент Садыр Жапаровдон суранды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















