super.kg logo

11 айдын ичинде ишеним телефонуна 67 429 чалуу келип түшкөн

 

2025-жылдын 11 айында "Балдар үчүн ишеним телефону – 111" мекемесине жалпы 67 миң 429 чалуу түшкөн. Бул тууралуу 26-декабрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, чалуулардын ичинен 2777 жаран консультация же жардам алуу үчүн кайрылган. Алардын 1170и (42,1 пайызы) - балдар, 1607си (57,9 пайызы) - чоңдор. Жалпысынан 1977 абонентке консультация берилген. Чалуулардын ичнен 574 жаран психологиялык жардам алган, ал эми 226 жаран учурда тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүү үчүн өткөрүп берилген.

Жынысы жана жаш курагы боюнча бөлүштүрүүдө эркектер - 438 (15,8 пайызы), аялдар - 1169 (42 пайызы), балдар (уулдар) - 324 (11,7 пайызы), кыздар - 846 (30,5 пайыз) экени аныкталган.

Белгилей кетсек, "Балдар үчүн ишеним телефону – 111" мекемеси 2015-жылдан бери иштеп келет. Ал суткасына 24 саат бою үзгүлтүксүз иштеп, республиканын бардык аймактарынан түшкөн чалууларды акысыз кабыл алат. Борбордун психологдору күнү-түнү нөөмөттө туруп, кайрылган жарандарга консултациялык жана психологиялык жардам көрсөтүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: