super.kg logo

Калифорнияда катуу бороон суу ташкынына себеп болду

 

АКШнын Калифорния штатында Рождество майрамы алдында катуу бороон болуп, нөшөрлөгөн жамгыр суу ташкынына алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Түштүк Калифорниянын айрым аймактарында суу каптоо жана жер көчкү катталып, жүздөгөн тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушкан. Тоолуу райондордо баткак жана таштандылар турак жайларга кирген.

АКШнын Улуттук аба ырайы кызматы бул сейрек кездешүүчү “атмосфералык дарыя” кубулушу менен байланыштуу экенин билдирип, аба ырайы өмүргө кооптуу бойдон кала берерин эскертти.

Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом алты округда өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Синоптиктердин божомолунда, катуу жаан-чачын Рождество майрамы учурунда да улануусу мүмкүн.

Алдын ала маалымат боюнча, бороондон улам кеминде эки адам каза болду. Өзгөчө кырдаал кызматтары коопсуздук чараларын күчөтүп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: