Делегат Токтогулдагы алтын кени тууралуу маселе көтөрдү (видео)
Элдик курултайга Токтогул районунан келген делегат Рамис Сагынбаев Чычкан капчыгайынын Алтын-Көл участкасындагы алтын кенин иштетүүгө эл каршы экенин айтып, президенттен тиешелүү компанияга берилген лицензияны жокко чыгарууну суранды.
"Чычкан капчыгайында жайгашкан Алтын-Көл участкасындагы алтын кенин иштетүүгө берилген лицензияны кайтарып берүүнү сураныбыз. Анткени Токтогул эли Чычкан суусунан суу ичишет. Экологиягыбыз зыян келүү коркунучу бар",- дейт делегат.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов парламент жыйынында аталган маселени көтөрүп, өкмөт мүчөлөрүнө кайрылган.
Делегат Чычкан капчыгайындагы алтын кени тууралуу айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:17
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















