Эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу аяктады

Күн мурун эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Чемпиондуктун экинчи күнүндө 61, 70, 79, 92 жана 125 килограммга чейинки салмак категорияларында беттештер өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
61 килограммга чейинки салмак категориясында Бекзат Алмаз уулу (“Олимп”-“Изабек”) алтын медалга ээ болду. 70 килограмм салмакта "РСК" командасынан Залкарбек Табалдиев биринчи орунду алды. 79 килограмм салмак ченинде “Тайманбас”-“Изабек” клубунун өкүлү Улукбек Асилбеков чемпион аталды.
92 килограмм салмакта Яков Чаплин (“Тайманбас”-“Изабек”) мыкты деп табылса, эң оор салмак - 125 килограмм категориясында Арсланбек Турдубеков (РС) жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугу Бишкек шаарындагы “Жаштык” аренасында өттү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















