Курултайда этникалык кыргыздардын маселеси көтөрүлдү
Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө Ош шаарынан келген делегат этникалык кыргыздардын маселесин көтөрдү.
Ал этникалык кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын ала албай кыйналып жатышканын айтты.
"Өзүнүн улуу мекенине кайткысы келген кыргыздарды кайтарып алуу сиздин (ред.: преиздент Садыр Жапаров) убагыңызда ишке ашып калса жакшы болмок. Беш жылдап кайрылман паспортун алып, ары-бери жүгүрүп, бюрократиянын айынан кайра башка жакка кетип жатышат",- деди ал.
Делегат ошондой эле Казакстан 1 миллиондой этникалык казакка жарандык берип, аларга насыя жана башка тармактарда жеңилдиктерди жасаганын белгилеп, коңшу өлкөнүн бул жааттагы саясатын колдонуу керектигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















