Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектинин бир бөлүгү 1-январдан тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган проспект Семетей көчөсүнөн Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин курулуш иштерине байланыштуу жабылат.

"Бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктү жана аялдама комплекстерин куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынууда. Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде кабыл алынды",- деп билдирди мэрия.