Ташиев Бишкектеги атайын мектепке 1 миллион сомдук колдоо көрсөттү
Бүгүн, 26-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев капиталдык оңдоодон өткөн Бишкектеги атайын жатак-мектебине барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, төрага угуусу начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебиндеги жыйындар залы менен спорт залдын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаганын көрүп чыкты.
Иш-чарада Камчыбек Ташиев балдардын билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу, ошол эле учурда коопсуз шарттарды түзүү иштеринин маанисин баса белгиледи. Ошондой эле мектептин кызматкерлерин жана окуучуларын келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалады.
УКМК жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан жаңы жылдык белектер берилди жана 1 миллион сом каржылык колдоо көрсөтүлдү. Жатак-мектептин окуучулары өз кезегинде жаңы жылдык майрамдык программа тартуулашты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















