super.kg logo

Бири жолдошунун огунан, бири канкордун колунан ажал тапты... Быйыл кыз-келиндер тушуккан зордук-зомбулуктар 

 

Мектептеги 20 жылдык жолугушуу кечесинен кийин күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Айзирек Эралиева. Канкордун курмандыгы болгон Айсулуу Мукашева. Туулган күнүндө жолдошунун колунан каза тапкан Жибек Урустемова. Кайнтасыны тарабынан зордукталган келин. Сөөгү кылмышкер тарабынан жашырылган маркум. Милиция кызматкеринин зордуктоосуна туш болгон кыз. Өгөй атасынын кордугун көргөн кыз. Мунун бардыгы бир жыл ичинде болгон окуялар.

Узап бараткан жылы жакынынын колунан каза тапкандар, зомбулук көргөндөр жана зулумдардын зомбулугуна кабылгандар аз болгон жок. SUPER.KG порталы бул жылы кыз-келиндерге карата жасалган зордук-зомбулук окуяларынын айрымдарын тизмектейт.

38 жаштагы Айзиректин 20 жылдык жолугушуу кечесинен кийин каза болушу.

26-майда Оштун Кара-Кулжа районунда 38 жаштагы Айзирек Эралиева 40 жаштагы күйөөсүнүн колунан каза тапты. Каргашалуу окуя маркум Өзгөнгө мектептеги 20 жылдык салтанатка жолдошу менен бирге баргандан кийин болду. Шектүү салтанаттан кайтып келгенден кийин жубайын классташтары менен сүрөткө түшкөнү үчүн кызганып, ур-токмокко алып, андан соң атып салган. Келин алган жаракатынан улам ооруканага жетпей жан берген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" жана "Мыйзамсыз ок атуучу курал-жаракты, ок-дарыларды сактоо жана алып жүрүү" беренелери менен кылмыш иши козголуп, жолдошу камакка алынган. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев шектүүнүн үйүндө куралдын мыйзамсыз сакталышы боюнча бир катар милиция кызматкерлери, жетекчилер жоопко тартылышканын маалымдаган.

31-июлда Өзгөн райондук соту Айзирек Эралиеванын жолдошун эки берене боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, шектүү 18 жылга эркиндигинен ажыратылып, 100 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Кийин Ош облустук соту Өзгөн райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Маркумдун жакындары аны өмүр бою эркиндигинен ажыратууну талап кылып келишет.

Юрист Шердор Абдыкапаров журналист Нурлан Мирзаматовго берген маегинде келин күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынып келгенин айтып берген.

Маркумдун артында 5 баласы калды. Балдарды маркумдун кайнежеси убактылуу өз камкордугуна алган. Шектүүнүн агасы да балдарды өз кароосуна ала аларын айтып чыккан.

Аталган окуя коомчулукта чоң резонанс жараткан. Келинди айыптаган тараптар да болуп, элдин кыжырдануусунан улам 2 блогер камалып чыкты. Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Элвира Сурабалдиева социалдык тармактарда макум келиндин дарегине орунсуз сөз айткандарды сынга алышып, соттук отурумдардын ачык өтүшүн талап кылышкан.

Кайнатасы тарабынан зордукталган келин.

Август айында 51 жаштагы киши Бишкек шаарында милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурда кармалган. Ал өзүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча козголгон кылмыш ишин жаптырууну көздөгөн. Шектүүнүн үстүнөн арызды 20 жаштагы келини жазганы маалым болгон.

Бул окуя коомчулукка ачыкталган соң акыйкатчы Жамиля Жаманбаева келинди жолдошу менен бирге кабыл алган. Анда жубайлар шектүүнүн колунан зомбулук көрүп келишкенин айтып беришкен. Келин бул үй-бүлөнүн мүчөсү болуп келгенден көп өтпөй кайнатасы бычак менен коркутуп, зордуктаганын, кийин ал көз жарган соң да ал тарабынан ыплас аракеттер кайталанганын, мындан улам ал жолдошуна бардыгын айтып бергенин билдирген.

Бардыгы белгилүү болгон соң, ата менен баланын ортосунда чыр чыгып, атасы уулун ур-токмокко алган. Андан кийин жубайларды талаа жумуштарында иштөөгө мажбурлаган.

Көп өтпөй талаа жумуштарын да жакшы аткарган жоксуңар деген шылтоо менен кайрадан уруш баштаганда жаштар ымыркайын кайнатасына таштап, Ысык-Көлгө качып кетишкен. Ал жактан алар Каракол милициясына арыз менен кайрылышкан. Милиция түгөйлөрдү Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүп, алар июль айынын этегинде арыз жазышкан.

Жубайлардын айтымында, алар кризистик борборго да кайрылып, кызматкерлер менен бирге 4 айлык ымыркайын кайын журтунан алып кеткени барганда бала алсыраган абалда болгон. Ымыркай реанимация бөлүмүнө жаткырылып, бирок көп өтпөй чарчап калган. Акыйкатчы мамлекеттик органдарды кайнатасы тарабынан зордукталган делген 20 жаштагы келиндин укугун коргоого чакырган.

Бишкек шаардык сотунан SUPER.KG порталына аталган иш Ленин райондук сотунда каралып жатканын билдирди. Кийинки соттук отурум келе жаткан жылдын 14-январына белгиленген.

Ал эми айыпталуучунун камактагы мөөнөтү 2026-жылдын 13-мартына чейин узартылган.

Ысык-Көлдө канкор Кумарбектин курмандыгы болгон Айсулуу Мукашева.

Сентябрь айынын аягында Чүйдүн Кемин районунда киши колдуу каза болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын сөөгү табылган. Бул ишке шектелип 41 жаштагы Кумарбек аттуу жаран Бишкектен кармалган.

Айсулуу Ысык-Көлдүн Жаргылчак айылындагы үйүнөн 27-сентябрь күнү Караколдогу курбусунукуна чыгып кеткен боюнча жакындары менен байланышкан эмес. Жакындары анын дайынсыз болуп жатканын милицияга кабарлаган. Издөө иштери башталып, маркумдун сөөгү ошол күнү кечинде табылган.

Өзүн Айсулуунун тууганы катары тааныштырган Сыймык Нарынбек уулу издөө иштери өз убагында жүрбөгөнүн айтып, ИИМди сынга алган. ИИМ аталган жигит каза болгон кыздын тууганы эместигин билдирип, ЖМКларга "хайп" үчүн маек бергендигин жарыялаган. Кийинчерээк, кыздын апасы Сыймык менен туугандык байланышы бар экенин тактап, андан жардам берүүнү өзү суранганын билдирген. Сыймык ИИМ тарабынан кармалып, кайра коё берилди.

Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, ЭлТР телеканалы Кумарбек тууралуу иликтөө материалын жарыялаган. Анда шектүү кызды Жаргылчак айылынан унаасына салганын, 12:30-13:00 чамаларында Дархан айылына жакын жердеги алма бакка алып барып зордуктаганын, андан соң анын колу-бутун байлап, Жеңиш айылындагы атасынан калган эски үйгө алып барып, кайрадан зордуктоого алганын, 15:30дарда Тоң районунун Кажы-Сай айылына жакын жердеги Кош-Кара көлүнүн жанынан өлтүрүп, телефонун көлгө ыргытып жибергенин айтып берген.

Шектүү сөөктү 18:00-19:00 аралыгында Боом капчыгайынан чыга бериштеги Кемин районунун Чолок айылына жакын жерге таштаган. Өзү андан ары Бишкек шаарына жол тарткан. Материалда Кумарбек жалпысынан 7 кызга (анын ичинде белгилүү болгону 6 кыз, 4 кыз өлтүрүлгөн, 2 кыз аман калган) кол салганы ачыкталган.

Бийликтен Кумарбекке оор жаза берүүнү кыздын эле эмес, өзүнүн жакындары да суранышты. Окуяга өлкө башчы Садыр Жапаров көңүл буруп, жеке көзөмөлүнө алып, өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү тапшырмасын койгон. Октябрдын 13үндө Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыккан. Долбоордо балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Конституциялык сот 10-декабрда “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу сунушту карап чыгып, ал Конституцияга каршы келет деген чечим чыгарды.

Айсулуунун үрөй учурган өлүмүнөн кийин өлкөнүн муфтийи Абдулазиз Закиров ар бир аялзаты коргоого муктаж экенин белгилеп, кайрылуу жасаган.

Чүйдө жолдошунун огунан каза болгон Нурайым.

1-ноябрда Чүйдүн Москва районунун Бала-Айылчы айылында адам өлтүрүү фактысы катталган. Милициянын маалыматына караганда, 63 жаштагы киши 49 жаштагы жубайын атып салган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши ачылып, шектүү камакка алынган.

SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан Москва райондук соту айыпталуучуну 9 жылга абакка кескенин билдирди.

Райондук сот 23-декабрда маркум Нурайым Жакыпованын жолдошун Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

Бишкекте туулган күнүндө жолдошунун колунан ажал тапкан Жибек Урустемова.

23-декабрда саат 21:40 чамасында шаардын Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты. Сотто алардын ажырашуу маселеси каралып жаткан.

Ал арада каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тарады. Ал күн маркум аялдын туулган күнү болгондуктан жолдошу торт көтөрүп, батирге чогуу кирип бара жатканын көрүүгө болот.

Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берди. Айтымында, мурунку милиция кызматкери 2019-жылы пенсияга чыккан. Ал кызматтан кеткенден кийин травматикалык тапанчага тиешелүү уруксат документтерин мыйзамдуу түрдө алган.

Токтоналиев жубайлар 10 жылдан ашык убакыт никеде жашашканын жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияга эч кандай кайрылуулар түшкөн эместигин айтты. Анын айтымында, жалгыз чыр-чатак ушул жылы Балыкчы шаарында кызганычтан улам чыккан. Токтоналиев каргашалуу окуя болгон күнү алардын никесин бузуу боюнча сот процесси болгонун белигиледи.

"Саат 20:00дө алар үйгө киришкен, аялдын колунда гүлдөр болгон. Ал эми саат 21:00дө 102 номерине анын эжеси чалып, чыр чыкканын билдирген. Ал туура эмес маалымат берип, аны уурдап кетишти деп айткан, бирок даректи так айта алган эмес. Унаанын номерин гана билдирген. Милиция видеокамералар аркылуу даректи аныктап, 40 мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге жеткен. Эшик ачылбагандыктан, биринчи кабат болгондуктан кызматкерлер терезе аркылуу киришкен. Эркек киши качып кетүүгө үлгүргөн эмес, ал кармалган. Шектүү мас абалда болгон", - деп кошумчалады.

Жибектин жакындары SUPER.KG порталына каргашалуу окуя тууралуу айтып беришти. Окуянын алдында маркум апасы жана сиңдиси менен байланышып, башка күнү алардын үйүнө барарын билдирген. Бирок сиңдиси бир несени сезгендей, 102 кызматына байланышып эжесин сактап калууну, жездесинде тапанча бар экендигин айтып жардам сураган.

Милиция кызматкерлери келгенге чейин маркумдун жакындары ал жашаган батирге келип, апасы "Жибек!" деп кыйкырганга жетишкен. Бирок шектүү батирден чыгып, аялынын жакындарын көргөндөн кийин кайра кирип кеткен. Бул арада каза болгон аялдын апасы батирге кирип барып, ачуу кыйкырык чыккан. Маркумдун улуу баласы окуяны өз көзү менен көргөн. Бирок ага жардам бергенге жетишпей калганын билдирди.

Шектүү мурдагы милиция кызматкери болсо, маркум Жибек Урустемова Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университетинин окутуучусу болчу.

Коомчулукту нес кылган окуядан кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, бүтүндөй өлкө үч баланын энеси болгон аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу суук кабарды оор кабыл алганын белгиледи.

"Эркек катары, ата катары жана мамлекеттин өкүлү катары айтам: мындай кылмышка эч кандай шылтоо жок жана болушу да мүмкүн эмес. Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса, “үй-бүлөлүк чыр-чатак”, “эмоция”, “ичимдик” же “жеке жагдайлар” тууралуу айтылган бир да сөз орунсуз",- деди Ташиев.

Ал аялга, айрыкча энеге карата зомбулукту актоого болбой турганын белгилеп, бул жөн гана тиричиликтеги уруш эмес, оор кылмыш, тагыраагы, киши өлтүрүү экенин баса айтты. УКМК төрагасы мамлекет аялдар менен балдарды өзгөчө коргоого милдеттүү экенин жана мындай кылмыштарды жасаган адамдар катаал жана кутулгус жазага тартыларын билдирди.

Анын маалыматына ылайык, учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Күнөөлүү адам мыйзам чегинде эң оор жазага тартылары белгиленди.

Ысык-Атада таанышынын колунан ажал тапкан кыз.

Февраль айында Чүйдүн Ысык-Ата районунда 22 жаштагы кыз таанышынын колунан ажал тапты. 21 жаштагы шектүү кызды сабап, бут кийиминин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң ал жасаган кылмышын жашыруу үчүн анын сөөгүн талаага алып барып, жерге көмгөн жана үстүн дарактын жалбырактары, бутактары менен жаап койгон. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Алар айылдагы мектептин айланасында жолугушуп, өз ара чырдаша кетишкен.

17-июнда Ысык-Ата райондук соту 21 жаштагы жигитти Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренесинин "Өзгөчө мыкаачылык менен", "Зордуктоо же башка формалардагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен коштолгон", "Башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн" деген пунктары боюнча күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан.

Бул жылы жашы жете элек жана майыптыгы бар кыздарга дагы жасалган зордук-зомбулуктар кейитпей койбойт.

Апрель айында Жалал-Абаддын Сузак районунда 15 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталганы кабарланды. 43 жаштагы киши өгөй кызына көп убакыттан бери ыплас аракеттерди жасап келгени аныкталган. Акыйкатчы институту кыз 12 жашынан бери зордукталып келгенин маалымдаган. Апасы чет өлкөгө иштөөгө кеткенде, анын кызы өгөй атасынын колунда калган. Кийин кыз Чүйдөгү өкүл апасынын багуусунда болуп, ошол жерден анын зомбулукка кабылганы белгилүү болгон.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына иш облустук сотто каралып жатканын билдирип, Сузак райондук сотунун чыгарган чечими менен тааныштырды. Айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

Май айында Бишкекте 21 жаштагы 1-топтогу майып кызды зордуктоого шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Маалыматта жабырлануучуга күч колдонулганы айтылат.

Август айында Чүйдүн Ысык-Ата районунда 4 жашар кыз жакын тууганы тарабынан зордукталганы белгилүү болду. Кыздын апасы күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен, балдарын Ысык-Атага туугандарына таштап, өзү Бишкекке иштегени кеткен. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен иш козголуп, наристеге зомбулук көрсөткөн өспүрүм 18-август күнү кармалды. SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы кылмыш иши Ысык-Ата райондук сотунда каралып жатканын билдирди.

Сентябрда Таластын Бакай-Ата районунда 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелип анын өгөй атасы кармалды. Арызды кыздын 39 жаштагы апасы жазып, натыйжада, анын 49 жаштагы экинчи күйөөсү Казакстанга өтүүчү “Ак-Жол” өткөрмө жайынан колго түшкөн.

Ошондой эле бул ай ичинде Бишкекте 45 жаштагы киши өзүнүн кызын зордуктоого шектелип кармалды. Арызды 17 жаштагы кыздын апасы жазган, натыйжада, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголду.

Ноябрда Жалал-Абаддын Токтогул районунда 14 жаштагы кызды 6 ай зордуктап келишкен деген шек менен 3 жаран кармалды. Шектүүлөр 27, 19 жана 15 жашта. Факт боюнча кылмыш иши козголду.

Декабрда Бишкекте 8-класстын окуучу кызын зордуктоого шектелип милиция кызматкери кармалды. Окуя ноябрда болгон. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголду. Булар айрымдары гана.

Тилекке каршы, быйыл жакындары же бейтааныш адамдар тарабынан зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин саны да аз болгон жок.

5-февралда Бишкектеги мейманканалардын биринен 23 жаштагы кыз милиция кызматкери тарабынан зордукталган. Жабырлануучу милиция арыз жазганда, коркутууга кабылганын билдирген. Шектүү камакка алынган. SUPER.KG порталына Бишкек милициясынын маалымат кызматынан иш сотко өткөнүн билдирди.

Ушул эле айда милицияга кыз киши кайрылып, кафеден 5 жигит күч колдонуп алып чыгышып, белгисиз тарапка алып барып зордукташканын билдирген. Натыйжада, 25 жаштагы 3 жана 24 жаштагы 2 жигит кармалган. Социалдык тармактарда шектүүлөрдүн кызды кафеден чырылдатып алып чыгып кетишкени тартылган видеосу да тараган.

Мартта Бишкекте аялына зордук-зомбулук көрсөткөн эркек киши кармалды. Арыз милицияга 26-февралда түшкөн. Аял киши жолдошу ошол эле күнү саат болжол менен 18:00 чамасында ур-токмокко алып, белгисиз курч буюм менен денесине жаракат келтиргенин айткан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

4-июнда социалдык тармактарда Бишкек шаарында кызды ур-токмокко алып, унаага отургузууга аракет кылган эркек кишинин видеосу тарады. Анда кыздын унаадан секирип качканын көрүүгө болот. Окуяга башка адамдардар кийлигишкен. Ленин райондук милициясы окуя Жал кичи районунда болгонун билдирип, 35 жаштагы кыз 35 жаштагы жаран тарабынан сабалганын маалымдады. Шектүү камакка алынган.

12-сентябрда "Ысык-Ата" санаторийинде 26 жаштагы кыз туулган күнүндө ур-токмокко кабылды. Шектүү катары 21 жаштагы жигит кармалды. Сабалган кыздын баш мээси чайкалып, мурду сынып, эки тиши түшүп калганы айтылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) негизинде кылмыш иш козголгон.

Декабрь айында социалдык тармактарда аялды жерге жаткырып алып тепкилеп жаткан эркектин видеосу тарады. Ысык-Көл милициясы алар жубайлар экенин билдирип, 33 жаштагы келин арыз жазганын тактады. Ал 38 жаштагы жолдошу тарабынан көп убакыттан бери зомбулук көрүп келгенин айткан. Факты боюнча 5-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 6-декабрда шектүү камакка алынган. Булар белгилүү болгон маалыматтар гана.

Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, быйыл 11 айда 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4320 фактыга көп.

ИИМдин маалыматында анын 28 фактысы Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси менен катталганы көрсөтүлөт. Ошондой эле "Ыплас аракеттер" беренеси менен 11, "Уруп-согуп кыйноо" беренеси менен 28 учур каттоого алынган.

Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева үй-бүлөлүк зомбулуктардын санынын өсүшүнө укуктук сабаттуулуктун жетишсиздиги себеп болуп жатканын айткан. Депутат Эмил Токтошев Жаманбаевага социалдык тармактарда түз эфирге чыгып, укуктук сабаттуулукту элге жеткирүүнү кеңеш кылган.

25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев "Биринчи радиого" берген маегинде быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам каза болгонун билдирди.

Жогорудагы эки маалыматты белгилей кетүү менен биздин портал жолдошунун же үй-бүлө мүчөлөрүнүн зомбулугунан жабыркаган жана каза болгондордун айрымдарын гана тизмектегенин билдирет.

25-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда сүйлөп жатып, аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жеткенин билдирди.

"Муну айтуунун өзү дагы оор. Бирок бул көрүнүштөр биз үчүн жат нерсе. Алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Мамлекет буга катаал чара көрөт. Бир дагы аялга же балага кол көтөргөн кылмышкер жазадан кутулбайт, бул биздин мамлекеттин принципиалдуу позициясы.

Эч бир салт, турмуш, шылтоо зомбулукту актабайт. Ар бир ата уулуна аялзатты урматтоону үйрөтүүгө тийиш, ар бир эне ар-намысын коргоону, кордоолорго каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек. Ошондо гана аялзаты урмат-сыйга ээ болгон, ар бир бала коргоого алынган мамлекет кура алабыз",- деди президент.





















кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: