"СИЗО - курорт эмес". Президент тергөө абактарындагы абал боюнча айтты (видео)
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда тергөө абагындагы шарттарга токтолуп, акыркы кезде ал жактагы өзгөрүүлөрдү белгиледи.
Айта кетсек, курултайда Оштон келген делегат Айсалкын Карабаева тергөө абагында жылыткычтарды колдонууга уруксат берилбей жатканын, ал жактагы шарттарды жакшыртууну айтып президентке кайрылган болчу.
"СИЗО - курорт эмес да. Күнү-түнү жылыткычты иштеткенге уруксат бербейбиз. Электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек. Аны мамлекет төлөйт. Имараттын ичиндеги жылуулугу жетет.
Мен деле бир эмес, эки жолу камалып чыктым. Биринде 9 ай, экинчисинде 3,5 жыл жаттым. Бирок бир жолу дагы даттанган жокмун",- деди президент.
Ошондой эле Жапаров акыркы кездерде абакта отурган жарандар иш менен камсыз болуп жатканын, ал үчүн маяна алып жатышканын кошумчалады.
Президент тергөө абактарындагы абал боюнча айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















