ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2025: Бул жылда акка моюн сунган кыргыздын белгилүү инсандары
Кыргыз эли 2025-жылы бир нече белгилүү инсандарын жоготуп, кабыргасы кайышты. SUPER.KG порталы жыл жыйынтыгын чыгарып жатып аларга да токтолууну туура көрдү.

Жыл жаңырганынан көп өтпөй январь айында Кыргыз киносунун жылдызы, режиссёр жана актриса Ырыс Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салды. Жакындарынын маалыматына ылайык, каза болордон алдын маркум Москвада дарыланып жүргөн.
Ырыс Жоомартова "Шаардык келин Шарапат", "Айылдык келин Алёнка", "Сүйүнчү, чоң апам эгиз төрөйт" жана башка тасмаларга режиссёрлук кылган.

Ага удаа эле 13-февралда журналист Нарын Айып 72 жашында дүйнө салды. Ал жумушта жүргөндө түшкө маал өзүн жаман сезип, жүрөк оорусунан кайтыш болду.
Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, Кыргыз улуттук университетинин Физика факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн. Нарын Айып бир нече илимий макала жазып, бир катар эл аралык илимий конференцияларда доклад жасаган.

Көп узабай 15-мартта милициянын отставкадагы генерал-майору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Бейше Молдогазиев 85 жашында дүйнөдөн кайтты.
Генерал, легендарлуу парламенттин депутаты Бейше Молдогазиев 1940-жылы Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында туулган. Тянь-Шань районунун Оттук айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин өз айылында эки жыл иштеп, 1959-жылы Фрунзе шаарындагы дене тарбия институтуна тапшырган. 1961-жылы үлгүлүү студент катары Москва шаарынын Мамлекеттик борбордук Ленин орденинин дене тарбия институтуна которулган. Анын эмгек жолу тууралуу толук маалымат.

Апрель айында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анара Эсенгулова 62 жашында дүйнөдөн кайтты.
Анара Эсенгулова 1963-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. 1978-жылы Фрунзе шаарындагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайга тапшырып, 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ал Жумакадыр Каниметовдун "Ак-Мөөр" опера дастанында "Ак бугу" чыгармасын жогорку деңгээлде аткарып, элге таанымал болгон.

Август айында журналист, аткаруучу, акын, коомдук ишмер Сонунбүбү Кадырова 59 жаш курагында акка моюн сунду.

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жетектөөчү артисти, белгилүү актёр Руслан Курманалиев 53 жашында мезгилсиз дүйнө салды.
Руслан Курманалиев 1972-жылы Нарын облусунун Сары-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. 1987-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырып, чыгармачылык жолун баштаган.
Өмүрүн өнөргө арнаган Курманалиев 30 жылдан ашык убакытта театр жана кино тармагында эл сүймөнчүгүнө ээ болгон көптөгөн ролдорду жаратты. Анын сахнада жана экранда жараткан 80ден ашык образдары Кыргыз маданиятынын бай мурастарынын катарына кирип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырды.

29-октябрда күтүүсүздөн Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы солисти, опера искусствосунун ардагери Светлана Гусарова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Декабрь айында белгилүү обончу, аткаруучу, композитор Шеркул Дүйшөналиев 68 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Кабарды Маданият министрлигинен билдиришти.
Шеркул Дүйшөналиев 1957-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында туулган. Бишкектеги музыкалык-педагогикалык окуу жайдан билим алган. Анын өмүрү тууралуу толук маалымат.

кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















