super.kg logo
  Саясат  

Эки күнгө созулган IV Элдик курултай жыйынтыкталды

 

Бүгүн, 26-декабрда Бишкекте эки күнгө созулган IV Элдик курултай жыйынтыкталды.

Курултайга президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, облус башчылары катышты.

Курултайдын жүрүшүндө эки күн ичинде 150 делегат сөз сүйлөп, сунуш-пикирлерин айтышты. Курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Курултайга өлкө боюнча 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган 700 делегаттын 690у катышты. Алардын ичинен 146сы аялдар, 554ү эркектер.

Биринчи курултай 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкекте өткөн. Экинчиси – 2023-жылдын 15-декабрында, үчүнчүсү – 2024-жылдын 20-декабрында болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: