super.kg logo

Официанттан ишкерге чейин: Акылбектин ийгилик тарыхы

 

30 жаштагы Акылбек - өз эмгеги жана тынымсыз аракети менен ийгиликке жеткен жаш ишкерлердин бири. Ал Орусияда чайхана иштетип, бүгүнкү күндө 60тан ашуун адамды туруктуу жумуш менен камсыздап келет.

Акылбек бул тармактагы жолун официант болуп иштөөдөн баштаган. Он жыл бою тейлөө кызматында эмгектенип, тажрыйба жана билим топтогондон кийин Москва шаарында өзүнүн алгачкы чайханасын ачууга чечим кабыл алган. Талыкпаган эмгек жана туура пландоонун аркасында анын иши кыска убакытта ийгиликтүү өнүгүп кеткен.

Келечегин өз мекенинде көргүсү келген ишкер учурда Кыргызстанга кайтып, Ош шаарында экинчи чайханасын ачып жатат. Анын айтымында, мекенде бизнес жүргүзүү - бул жоопкерчилик гана эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салым да болуп саналат.

Акылбектин ийгилик жолу жаштар үчүн үлгү болуп, эмгек, сабырдуулук жана ишеним аркылуу чоң максаттарга жетүүгө болорун далилдеп турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: