Ош драма театры Кокон шаарында "Курманжан" спектаклин койду
25-декабрда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Өзбекстандын тарыхый Кокон шаарында гастролдук сапарда болуп, кокондук көрүүчүлөргө жаңы даярдалган "Курманжан" спектаклин тартуулады.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, театрдын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев жетектеген чоң топту Кокон шаардык музыкалык-драма театрынын жамааты башкы режиссёру Дильшан Ахмедалиевдин жетекчилиги алдында шаңдуу тосуп алды.
“Тарыхый шаар Коконго Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин чыгармасы боюнча жаңы даярдалган "Курманжан" спектаклибиз менен келгенибизге кубанычтуубуз. Искусствонун улуту жана чек арасы болбойт. Мыкты чыгарма бардык улуттагы адамдын жан дүйнөсүнө бирдей таасир этип, жалпыга орток кенч болуп саналат”,- деп билдирет Уланмырза Карыпбаев.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз, Өзбек театрларынын өкүлдөрү маданий байланышты мындан ары бекемдөө маанилүүлүгүн белгилешти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















