super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "IV Элдик курултайдын 71 делегаты мени алдаптыр"

 
Президент Садыр Жапаров 26-декабрда IV Элдик курултайда делегаттардан жакында өткөн парламенттик шайлоого барганын же барбаганын сураган. Анда залда отурган бардык өкүлдөр кол көтөрүп, катышканын билдиришкен болчу. Жапаров муну БШКдан текшертип аларын эскерткен.
Өлкө башчы социалдык тармактагы баракчасына Элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын БШК тактаганын жазды.
"Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы - өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы Төртүнчү элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди. Эми аларды уят кылып аты-жөндөрүн ачыктабай эле коёюн. Ар бири өздөрү деле билишет",- деп жазды президент.





Садыр Жапаров: "IV Элдик Курултайдын 71 делегаты мени алдаптыр"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: