Мурунку жолдошунун колунан каза болгон аялдын ишин УКМК колго алды
Бишкекте мурунку жолдошунун огунан каза болгон Жибек Урустемованын ишин милиция эмес, УКМК тергейт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Коомчулукта үч баланын энесинин мурдагы күйөөсү тарабынан травматикалык курал менен өлтүрүлүшү кызуу талкууга түшүп, шектүүнүн мурунку милиция кызматкери болгондугу резонанс жаратты. УКМКнын башчысы Камыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде аталган кылмыш иши атайын кызматтын борбордук аппаратынын өндүрүшүнө кабыл алынып, ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, тергөө иштери башталды.
"Өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги тарабынан коомдук коопсуздуктун жана базалык үй-бүлөлүк баалуулуктардын түптөлүшүнө шек келтирген бул одоно факт боюнча так позиция айтылган, ал эми трагедия принципиалдуу укуктук баа берүүнү талап кылат",- деп белгиленген маалыматта.
Тергөө учурунда маркумда убактылуу коргоо ордери болгондугу жана айыпталуучу тарабынан адам өлтүрүү үчүн колдонулган травматикалык куралды мыйзамсыз алып жүрүү жана сактоо фактылары аныкталды.
Азыркы учурда айыпталуучу камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына жеткирилди.
Айта кетсек, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты.
Каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тарады.
Ошондой эле Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев мурунку жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берди.
Маркумдун жакындары каргашалуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып беришкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















