Өзбекстан биринчи космонавтын жана жасалма спутнигин космоско жөнөтүүнү пландоодо
Өзбекстан орбитага биринчи космонавтын жана жасалма спутнигин жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу республиканын президенти Шавкат Мирзиёев билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, бул долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн технологиялык жана улуттук өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.
Июнь айында Өзбекстандын биринчи спутнигин учуруу пландары тууралуу "Казинформ" агенттиги жазган. Маалымат булактарынын билдиришинче, республика 2028-жылга чейин өзүнүн илимий-техникалык спутнигин учурууну көздөгөн. Өзбек тарап SpaceX компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
"Узбеккосмос" агенттигинин директорунун орун басары Мухиддин Ибрагимов билдиргендей, өлкө спутникти Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер менен биргеликте учурат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:08
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















