Башкы прокуратура Вьетнамга качып кеткен кылмышкер боюнча маалымат берди
Башкы прокуратура Вьетнамдын тиешелүү органдары менен кызматташып, алдамчылык кылып 16,4 миллион сом зыян келтирген Кыргызстандын жараны Т.А.ны Бишкекке алып келди. Ал Кыргызстандын укук коргоо жана Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин коштоосунда жеткирилгенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Учурда Т.А. тергөө абагына камакка алынды.
Башкы прокуратура тергөөдөн жана соттон жашынып жүргөн жарандарды эл аралык келишимдердин негизинде кайтарып келүү иштерин улантып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















