super.kg logo

Ким Чен Ын аскердик өндүрүштү күчөтүүнү тапшырды

 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөдөгү алдыңкы аскердик-өнөр жай ишканаларына барып, жылдын төртүнчү чейрегинде ракеталар менен снаряддардын өндүрүлүшү кандай жүрүп жатканын көрдү. Ал 2026-жылга карата ок-дары өндүрүү планын көбөйтүүнү тапшырганын чет элдик басылмалар жызышууда.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын быйыл коргонуу тармагындагы ишканалардын ишин жогору баалап, келерки жылга карата чарбалык жана техникалык милдеттерди белгиледи. Ал ракеталык жана артиллериялык курал-жарактарга болгон келечектеги суроо-талап бар экенин айтып, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү үчүн тийиштүү ишканалардын техникалык базасын чыңдоо зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы алдыдагы Эмгек партиясынын IX съездинде жаңы аскердик-өнөр жай ишканаларын түзүү боюнча чечим кабыл алынарын да билдирди. Ошондой эле ал аскердик-өнөр жай комплексинин алдыңкы ишканаларын жаңылоо боюнча план-долбоорлорго кол коюп, алар партия съездинде караларын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: