Бишкекте алгачкы жолу жоокерлер жөнүндөгү тарыхый сериал тартылды

Бишкекте алгачкы жолу жоокерлер жөнүндөгү тарыхый сериал тартылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Аталган сериал "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк мамлекеттик бирикмеси тарабынан Маданият, Коргоо министрликтеринин жана Кинодепартаменттин колдоосу менен тартылды.
"Жоокердик-тарыхый теледолбоор 8 сериядан туруп, ар бир сериясынын узактыгы 50 мүнөттү түзөт. Сериал Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында мекенди коргоо үчүн ыктыярдуу түрдө фронтко аттанган 1395 кыргызстандык кыздын, ошондой эле кыргызстандык жана советтик жоокерлердин эрдигин, мекенчилдигин жана биримдигин көркөм формада чагылдырат. Чыгарма чыныгы тарыхый окуяларга жана реалдуу каармандардын тагдырларына негизделип, көркөм жалпылоолор аркылуу берилет. Анда Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан чыккан жоокер кыздардын өмүр жолу баяндалат. Алардын катарында Советтер Союзунун Баатыры, учкуч Евдокия Пасько, хирург Рафа Айдарбекова, зенитчи Тамара Балтабаева, ошондой эле фронтто кызмат өтөгөн радисттер, чалгынчылар, снайперлер жана фельдшерлердин образдары орун алган. Мындан тышкары, сериалда жаш панфиловчу жоокер, кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Кыргыз Республикасынын Эл акыны болгон Сооронбай Жусуевдин, ошондой эле фронтто бир катар каармандыктарды көрсөткөн учкуч Абдыкерим Кармышаковдун образдары чагылдырылды", - деп айтылат маалыматта.
Көркөм сериалдын башкы продюсери — Жеңишгүл Өзүбекова;
Режиссёр-постановщик — Мурат Мамбетов;
Операторлор — Талант Ургазиев, Санжар Абдыжапаров;
Сүрөтчү — Төлгөбек Койчуманов;
Сценарий авторлору — Гүлмайрам Саалаева, Жыпар Исабаева, Гүлзар Жумагулова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2026-02-09
17:04
2026-02-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















