Өлкөдө кароосуз калган 800дөн ашык бала үй-бүлө тапты
2025-жылдын III кварталы боюнча 492 бала камкордукка берилсе, 370 бала улуттук асыроого өткөрүлдү, дагы 2 бала чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Эмгек министрлиги билдирди."Балдарды кабыл алган бардык үй-бүлөлөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, камкордук органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул балдардын тийиштүү камкордугу, тарбиясы жана укуктарынын корголушу камсыздалышын шарттайт", - деп белгиленген маалыматта.
Балдарды асырап алуу жана камкордукка берүү Кыргызстандын балдар жөнүндө мыйзамдары, ошондой эле балдарды өлкө жарандарга жана чет өлкөлүк жарандарга өткөрүп берүү тууралуу жоболор менен жөнгө салынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















