super.kg logo

Октябрь райондук соту активист Айталиевге үч жыл пробациялык жазаны жарыялады

 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту кечээ, 25-декабрда активист Бекназар Айталиев боюнча чечим чыгарды. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын маалыматы боюнча, ал массалык башаламандыктарга чакыруулар боюнча күнөөлүү деп табылып, төрт жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы пробациялык үч жылга алмаштырылды.

Эскерте кетсек, Айталиев 7-августта Көк-Жар конушундагы №172 контурдагы абал боюнча маалымат жыйын өткөргөн. Ал жергиликтүү тургундардын атынан президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге үйлөрдүн бузулушун токтотууну суранган. Андан соң ал кармалган.

Соттун маалыматы боюнча, ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча айып коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: