super.kg logo

Ала-Арча паркына курулган асма жол текшерүүдөн өтүүдө (видео)

 

Бишкектин четинде Ала-Арча жаратылыш паркына курулуп жаткан асма жолду текшерүү иштери жүрүүдө. Интернет желесине тараган видеодон түшүп-чыгып жаткан кабинкаларды жана айнектен курулган токтоочу жайды көрүүгө болот.

Айта кетсек, январдын аягында асма жолдун курулушуна мезгил кутусу салынды. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бул долбоор экотуризмди өнүктүрүү жана өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Асма жол инвесторлордун эсебинен курулат. Долбоордун биринчи этабында 1 чакырым жерге куруу пландалып, 10 миллион евро каралган. Курулуш ишин күз айларында бүтүрүү мерчемделген. Ал австриялык инвесторлор тарабынан ишке ашууда. Ал эми долбоордун экинчи этабында 23 чакырым жерге куруу мерчемделүүдө.






Ала-Арча паркына курулган асма жол текшерүүдөн өтүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: