Ашуулардагы абал. Төө-Ашуудагы оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөө алынды (видео)
Бүгүн, 27-декабрь саат 09:30га карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда саат 08:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө алынды. Азыркы тапта аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылууда.
Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган бардык унаа жолдордо тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгилейбиз.
Төө-Ашуудагы оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөө алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















