Жолдошунун огунан каза болгон келиндин уулу бийлик жетекчилерине кайрылды
Бишкекте мурдагы күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн Жибек айымдын улуу уулу Бекжан президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылды.
Бекжандын айтымында, маркум апасы мугалим болуп иштеп, балдарын жана акыркы 5–6 жылда иштебеген өгөй атасын жалгыз өзү багып келген. Ошондой эле ал ипотека аркылуу батир сатып алып, учурда насыя боюнча болжол менен 2 миллион сом карызы калганын белгиледи.
"Апам каза болгондон кийин мен жана 2-3-класста окуган эки иним энесиз, жашоого каражатсыз жана ипотекалык карыз менен калдык", - деп жазган Бекжан.
Ал учурда жогорку окуу жайындагы билим алуусун убактылуу токтотуп, иштөөгө мажбур болуп жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты.
Каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тарады.
Ошондой эле Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев мурунку жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берди.
Маркумдун жакындары каргашалуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып беришкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















