"Жебеген самсыга акча төлөп..." Президент мурунку бийликтин катасын айтты (видео)
Жапаровдун айтымында, Европа өлкөлөрү заводдун курулушу үчүн жалпысынан 22 миллион евро бөлгөн. Анын ичинен 16 миллион евро максатсыз пайдаланылып, курулуш иштери жүргүзүлгөн эмес. Калган 6 миллион евро банкта сакталган.
"Мурдагы бийлик акча алып, андан кийин бул жерге ушундай завод курабыз деген. Болгону кичинекей нерсе куруп, ошо менен 16 миллионун жеп коюшкан. Кудай жалгап, 6 миллиону банкта сакталып калыптыр, биз анысын кайтарып берип жатабыз. Анан дагы кошумча "жебеген самсыга акча төлөп жатам" дейт го, 16 миллионду мэрия кайра төлөп берип жатат", - деди президент.
Өкө башчысы учурдагы инвесторлор мамлекеттен бир дагы сом албай куруп бергендиги үчүн сыйлана тургандыгын кошумчалады.
Анын алкагында Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга салым кошкон "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Дай Даого мырза “Достук” ордени менен сыйланды.
Президент Бишкектеги таштандыдан электр өндүрүүчү заводду ачты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















