super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Борбор Азиядагы биринчи таштандыдан электр кубатын өндүрүүчү завод ишке кирди

 

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводу ачылды.

Өлкө башчысы мындай заводдун Борбор Азияда аналогу жок экенин айтып, анын кубаттуулугуна токтолду.

"Завод долбоордо көрсөтүлгөн 2 жылдык мөөнөттүн ордуна, 1,5 жылда курулуп бүттү. Бул долбоордун концессиялык мөөнөтү 35 жылды түзөт.
Долбоор алкагында жылына 365 миң тонна таштанды иштетилип, саатына кубаттуулугу 30 МВт болгон таза конденсациялык турбогенератордук электр станциясы курулду. Салыштырмалуу айта турган болсок, бул 80 миң тонна көмүрдү үнөмдөөгө жана 100 миң тонна көмүр кычкыл газын азайтууга барабар.
Азыркы этапта суткасына 1000 тонналык таштанды иштетсе, кийинки этаптарда анын кубаттуулугу дагы артат", - деди президент.
Долбоорго багытталган инвестициянын жалпы суммасы 95 миллион долларын түзөт. Заводдун курулушуна 12 гектар жер берилди.
Айта кетсек, өлкө башчысы буга чейин ушундай завод курубаз деп каражатты жеп койгон учурду эске салды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: