super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын Ак-Суу районундагы бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ак-Суу районунун бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды.

Маалымат борбору билдиргендей, салтанаттуу иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бактыбек Жетигенов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, УКМК ардагерлери жана Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Аталган бөлүмдүн жаңы имараты 18 сотых жер тилкесинде жайгашып, имараттын өзүнүн аянты 240 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери жогорку сапатта жүргүзүлүп, заманбап жана экологиялык таза материалдар колдонулган. Куруу иштери 1-июнда башталып, декабрь айында пайдаланууга берилди. Имарат эки кабаттан турат жана заманбап шарттар менен камсыздалган.

Өз кезегинде УКМК төрагасы жаңы имараттын курулушу аскер кызматкерлеринин өз кызматын так аткарууга маанилүү кадам болуп, өлкө коопсуздугун камсыздоого өбөлгө болорун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: