super.kg logo
  Саясат  

Атып өлтүрүлгөн келин: Ташиев анын коопсуздугуна байланыштуу кайдыгерликти кескин сындады

 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдөгү райондук имараттын ачылышында Бишкекте күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 47 жаштагы келиндин ишине токтолду. Ал коомдо, айрыкча кыз-келиндерге карата зордук-зомбулуктун алдын алууга бардык укук коргоо жана күч түзүмдөрү жооптуу экенин баса белгиледи. Мындан тышкары атайын кызматтын башчысы маркум келиндин коопсуздугуна байланыштуу кайдыгерликти кескин сынга алды.

“3 баланын энесинин өлүмү укук коргоо органдарынын, коопсуздук кызматынын, прокуратура кызматкерлеринин шалаакылыгынын негизинде болду. Анткени каза болгон келиндин колунда коргоо ордери болгон. Бирок орган кызматкерлери тарабынан эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Андыктан бул кылмышты катуу тергейбиз жана укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин сөзсүз карайбыз. Мындан ары кайсы бир райондо, айылда, шаарда ушундай фактылар орун алса, ошол жердин жергиликтүү бийлик жетекчилиги, милиция кызматкерлери, УКМК кызматкерлери, прокуратура баарыңар жооп бересиңер жана жоопко тартыласыңар! Кабинетте отура бербестен, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, кыдырып чыккыла. Аялдарга жана балдарга болгон зомбулук фактыларын аныктап, алып чыккыла!” - деп белгиледи Ташиев.

Айта кетсек, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты. Каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тарады.

Ошондой эле Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев мурунку жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берди.

Маркумдун жакындары каргашалуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып беришкен.

Жогорку бийликке анын уулу кайрылуу да жолдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: