Ташиев 6 баланын энесине 3 бөлмөлүү батир белекке берди
Бүгүн, 27-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 51 жаштагы тургуну, 6 баланын энеси Эльза Тюрегелдиевага 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, Тюрегелдиева 6 баланы жалгыз өзү тарбиялап келет. Ал өзүнө таандык турак жайы жок, балдары менен батирлеп жашап жүргөн. Андыктан ал Ташиевге декабрь айынын башында кат жолдоп, көмөк көрсөтүүнү суранган. Жыйынтыгында кыска аралыкта жооп болуп, ага 3 бөлмөлүү бардык шарттары жана тиричилик эмеректери бар батирдин ачкычын жана документтерин, ошондой эле балдарына чакан белектерди тапшырды. Ошондой эле төрага, эне жана балдарына чың ден-соолук, бакубат жашоо, жаркын келечек каалады.
Өз кезегинде 6 баланын энеси Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, өз кол өнөрчүлүгү менен жасаган белектерин берди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















