УКМК жолдошунун огунан каза болгон келиндин балдары мамлекеттин колдоосуна алынганын билдирди
Бүгүн, 27-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Бишкекте жолдошунун огунан каза болгон Жибек Урустемованын уулу Бекжан менен тийиштүү кызматкерлердин жолугушуусу өттү.
Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, маркум аялдын балдарына жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды. Анын ичинде турак жай менен камсыз кылуу, үй-бүлө жашаган жердеги ипотекалык насыяны төлөп берүү, улуу уулун жумушка орноштуруу жана маркумдун үч баласынын тең окуусуна акы төлөп берүү маселелери каралды.
Бул маселе Ташиевдин өзгөчө көзөмөлүндө экени белгиленди.
Айта кетсек, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты.
Каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тарады.
Ошондой эле Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев мурунку жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берди.
Маркумдун жакындары каргашалуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып беришкен.
Белгилей кетсек, бүгүн, 27-декабрда Бекжан жогорку бийликтеги жетекчилерге кайрылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















