Президент жаңы эко-заводдун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты (видео)
Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 27-декабрда ачылышы болгон Бишкек шаарындагы таштанды полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводун көрүп чыкты.
Анда таштандылар калдыксыз иштелип чыга тургандыгы айтылып, өлкө башчысына тааныштырылды.
Айта кетсек, долбоор алкагында жылына 365 миң тонна таштанды иштетилип, саатына кубаттуулугу 30 мегаватт болгон таза конденсациялык турбогенератордук электр станциясы курулду. Бул 80 миң тонна көмүрдү үнөмдөөгө жана 100 миң тонна көмүр кычкыл газын азайтууга барабар.
Президент жаңы эко-заводдун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















