super.kg logo

Балыкчы–Барскоон–Каракол жолун куруп жаткан компаниянын жетекчиси камакка алынды. Себеби

 

Бүгүн, 27-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ысык-Көл облусунун түштүк тарабындагы автожолдун курулуш иштеринин жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү.

Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, жыйынга облустун муниципалдык башчылары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү, Балыкчы–Барскоон автожолун куруучу подрядчы уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Ташиев Балыкчы–Барскоон–Каракол автожолунун 141 чакырымын оңдоо иштери 2021-жылы башталып, бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй жаткандыгын сынга алды. Жыйындын жүрүшүндө жолду курууга жоопту орган жетекчилерине, ошол эле учурда подрядчы уюмдарынын жетекчилерине катуу эскертүү берилди.

"2021-жылы силер 1 чакырым жолду 798 миң доллардан жасайбыз деп келишим түзгөнсүңөр, бирок азыркы учурда жолду куруу баасы 1 миллион 300 миң-1 миллион 400 миң долларга көтөрүлүп кетти, ошого карабастан 2021-жылдан бери дагы деле курулуш иштери белгиленген мөөнөттө бүтө элек! Демек, бул жерде уюштуруу иштери өтө начар. Мамлекет тарабынан көзөмөл да жетиштүү деңгээлде эмес. Андыктан жолду куруу иштерин жеке көзөмөлүмө алдым, мындан ары курулуш иштери белгиленген убакта бүтпөй, сапаты начар болсо, тийиштүү тараптар жоопко тартыласыңар. Силерге катуу жаза берилет", - деп белгиледи Ташиев.

Ошондой эле төрага аталган жолдун курулушун колго алган "Кыргыз Жол Курулуш" ЖЧКсынын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиевди камакка алуу тапшырмасын берди. Аны менен катар бир катар жетекчилерге жана курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө жол куруу иштерин этап-этабы менен бүткөрүү боюнча белгилүү бир мөөнөттөр коюлуп, тапшырмалар жүктөлдү.

Жалпысынан 2026-жылдын 31-августуна чейин Балыкчы–Барскоон–Каракол автожолунун 141 чакырымын толук бүткөрүү милдети жүктөлүп, бүгүнкү күндөн тартып аткарууга алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.12.2025. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет болот экенда эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: