Ташиев маркум Жибектин алдында жоопкер экенин айтты
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маркум Жибек Урустемованын алдында өзүнүн жоопкер экенин сезерин айтты.
"Жибек аттуу аялдын алдында баарыбыз жоопкер болдук, анын ичинде мен дагы. Ага коргоо ордери колуна тапшырылган. Аны биз коргошубуз керек эле. Ошол күйөөсү биздин аялды коргоп турганыбызды билиши керек болчу.
Биз болсо кагазды колуна берип, эми кандай жашасаң ошондой жаша деп тим болдук. Мындай нерсе мындан ары кайталанбашы керек", - деди ал кечээ, 27-декабрда Ысы-Көлгө барганда.
Айта кетсек, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты. Каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тарады.
Ошондой эле Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев мурунку жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берди.
Маркумдун жакындары каргашалуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып беришкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















