super.kg logo

Садыр Жапаров Чүйдөгү балыктар үчүн тоют өндүрүүчү завод менен таанышты

 

Кечээ, 27-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Чүйдүн Панфилов районундагы "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балыктар үчүн тоют өндүрүүчү заводунун иш шарттары менен таанышты.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, мамлекет башчысына заводдун курулушуна жалпысынан 5 миллион доллар сарпталганы, объект аянты 7 гектарга жакын жер тилкесине курулганы маалымдалган. Курулуш иштери быйыл май айында башталып, декабрь айында аяктаган.

"Толук кубаттуулукта иштеген заводдо суткасына 100–130 тонна продукция өндүрүлөт. Завод ишке киргенден кийин 100дөн 120га чейин туруктуу жумуш орундары түзүлөт. Заводдун жетекчиси Илгиз Сарылдык уулу бул көрсөткүч өлкөнүн ички муктаждыктарын толугу менен камсыздоого жана экспорттук багытты өнүктүрүүгө шарт түзөрүн айтты.

Президент Садыр Жапаров заводдун жетекчилигинин көңүлүн сапат стандарттарын дыкат жана туруктуу сактоо зарылдыгына буруп, балык чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнүн жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору азыктын жогорку сапаты экенин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: