Ташиев УКМК кызматкерлерине туристтердин коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын койду
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын өкүлдөрүнө чет өлкөлүк туристтердин коопсуздугуна кам көрүүнү тапшырды.
Ташиев кечээ, 27-декабрда Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ак-Суу районунун бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында өлкө тоолуу болгондуктан туристтер көп келишерин айтты.
"Келгендерге жакшы шарттарды түзүп, аларды коргоп, жардам беришибиз керек. Негизинен биздин мамлекет тоолуу өлкө болгондуктан туристтер көп келишет. Бул жаатта көп кызмат аркарышыңар керек", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















