Иран президенти Израил менен согуш абалда экенин айтып, Кыргызстанга да токтолду
Ирандын президенти Масуд Пезешкяндын Тегеран чынында АКШ, Израил жана Европа өлкөлөрү менен толук масштабдуу согуш абалында экенин билдирди.
"Менин оюмча, биз АКШ, Израил жана Европа менен кеңири масштабдуу согуш абалындабыз. Алар биздин өлкөнүн бутуна бекем турушун каалабайт", - деген ал Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин сайтында жарыяланган маегинде.
Пезешкян Ирандын армиясы мурдагы чабуулдар учурундагыдан алда канча күчтүү болуп калганын белгилеп, Тегеран мындан аркы соккуларга дагы чечкиндүү жооп берүүгө даяр экенин кошумчалаган.
Ошол эле учурда Пезешкян Иран коңшу өлкөлөр менен, анын ичинде маданий жана экономикалык чөйрөдө мамилесин кыйла жакшыртканын айткан. Буга байланыштуу ал Азербайжан, Өзбекстан, Түркия, БАЭ жана башка мамлекеттерди атаган.
Ирандын лидери Тегеран Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен абдан жакшы мамиледе экенин кошумчалаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















