super.kg logo

Ташиев сот кызматкерлери тыкыр көзөмөлдө болушарын айтты

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 27-декабрда Ысы-Көлдүн түштүк тарабындагы унаа жолдун курулушу боюнча жыйын өткөрдү.

Анда атайын кызматтын башчысы сот тутумуна да токтолуп, аларды мыйзам чегинде иштөөгө жана адилеттү чечимдерди чыгарууга чакырды. Ал судьялар саясатка аралашпоосу керектигин баса айтты.

"Мыйзамдан чыгып кеткен сот кызматкерлерин тазалоо коопсуздук органынын моюнунда турат. Бизде саясатка аралашып кеткен кээ бир соттор тууралуу маалыматтар бар. Отуруп алышып, кайсы бир адамдар менен саясатты сүйлөшүшөт, чоңдорду талкуулашат, мамлекет жетекчилеринин сөздөрүн талдашат. Жакында аларга чара көрөбүз. Мурдагыдай пара алууну оюңардан чыгарып жибергиле", - деди УКМКнын башчысы.

Ташиев ошондой эле соттордун айлыгына кызыгып, райондук судья 250 миң сом, облустуку 300, Жогорку Соттун кызматкери 500 миң сом алышарын укту.






Ташиев сот кызматкерлери тыкыр көзөмөлдө болушарын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: