Оштун мэри башпаанексиз адамдардан кабар алып, жууркандарды тапшырды
Кечээ, 27-декабрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн түнкү башпаанек" муниципалдык мекемесинде жашап жаткан жарандардан кабар алды.
Калаа башкармалыгы кабарлагандай, мэр барган учурда түнөк үйүндө 20га жакын башпаанексиз адамдар бар болгон. Токторбаев алардын ар бирине бирден жылуу жууркан белек кылды. Ошондой эле алардын арасындагы майыптыгы бар бир жаранга майыптар арабасын тапшырды.
"Быйыл Ош шаарында биринчи жолу мэрдин тапшырмасы менен “Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн түнкү башпаанек” муниципалдык мекемеси уюштурулду. Бул жай 50 адамга ылайыкташтырылып, кечинде бир маал ысык тамак берилет. Түнөк үйү кыш мезгилинде иштеп, үй-жайы жок жарандарга кам көрөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















