Шайлоо, андагы окуялар, кызматка айырбашталган мандат... Быйыл саясатта эмнелер болду?
Өзүн-өзү таркаткан Жогорку Кеңештин VII чакырылышы. Шайлоо алдындагы камоолор, жарыштан соң даттануулар. Депутаттардын бири мандатын кызматтык орунга алмаштырса, бири алдырып жиберди. Ал эми башкасы мандатын тапшырып, кайра шайлоого катышты. Аты-жөнүн алмаштырууга жетишкени да болду. Ал арада кер-мур айтышкандар да болбой койгон жок.
2025-жылы саясатта кандай окуялар орун алды. SUPER.KG порталы аларды тизмектейт.
Жыл башындагы имиштер чындык болуп чыктыбы?
Быйыл жыл жаңырганы өткөн жылдын этегинде Жогорку Кеңеш таркайт экен деп чыккан кептер күч алгансыды. Мындай уу-дуу сөздөр коомчулукта февраль айында Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо тартибин өзгөртүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлгандан кийин ого бетер күчөдү. Кийинчерээк, март айында аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңеш тууралуу айтылган кептерди четке какты.
"Келген журналисттердин бардыгы "күзүндө шайлоо болобу?" деп сурап жатышат. Андай болбойт. Шайлоо өз убагында эле 2026-жылы ноябрда өтөт. Депутаттык да, президенттик да шайлоо өз убагында болот. Бул мыйзам долбоорунун ага эч тиешеси жок",- деген ал.
Ошентип, шайлоо жөнүндөгү мыйзамды Жогорку Кеңеш апрель айында жактырса, июнда президент документке кол койду.
26-июнь күнү Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын 4-сессиясы оркестрдын коштоосу менен жыйынтыкталды. Депутаттар жайкы каникулда жүргөндө эл өкүлү Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасында парламенттин таркашы мүмкүндүгүн кыйыткан пост жазды. Бул коомчулукта кайрадан түрдүү пикирлердин жаралуусуна алып келди.
1-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары каникулдан келишип, парламенттин V сессиясынын расмий ачылышы болду. Парламент өз ишин баштары менен SUPER. KG порталы Жогорку Кеңеш таркайт деген кептерди тактоо максатында эл өкүлдөрүнө суроо узатты.
12-сентябрда Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөнү айтылды. Маалымат каражаттары өздүк булактарына таянышып, депутаттардан кол топтоо жүрүп жатканын жазышты. 3 күндөн кийин 32 депутат кол койгону белгилүү болуп, алардын тизмеси ачыкталды.
17-сентябрдагы жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламентти таркатуу демилгеси боюнча процедура жүрүп жатканын билдирди. Ал бул демилгенин көтөрүлүшүнө кийинки жылдын аягында парламенттик аркы жылдын башында президенттик шайлоолор удаа келип калганын айтып, түшүндүрмө берди.
"Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешти таркатууга эч бир сырткы күчтүн же болбосо президенттин, аткаруу бийлигинин эч кандай укугу жок. Парламент өзүн-өзү гана тарката алат.
Бүгүнкү күндө бизде, парламентте жүйөөлү себеп менен негиздерди келтирип, атайын демилге тобу түзүлгөн. Ал топ менин дарегиме (ред.: Жогорку Кеңештин төрагасы) кайрылууну беришти. Ага 32 депутат кол койгон. Ал кайрылуу боюнча тийиштүү процедуралык тапшырмалар берилип, иш жүрүп жатат. Кайрылуу менен тааныштым, жүйөлөрү негиздүү",- деди төрага.
Спикердин билдирүүсүнө депутат Эрулан Кокулов реакция кылып, анын Жогорку Кеңеш тарабайт деген сөзүн эске салып, ишеничи кеткенин билдирди. Тургунбек уулу мурунку сөзү айтылганда жаңы мыйзам кабыл алына электигин белгилеп, "бул жашоодо өзгөрбөгөн бир гана ыйык Куран" деп жооп берди.
Ошентип Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы жыйынында өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алды. Демилгечилердин бири, эл өкүлү Улан Примов депутаттарды таркатууга шайлоо боюнча кабыл алынган жаңы мыйзам жана президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа келип калышы негиз болгонун бышыктады.
Жогорку Кеңештин төрагасы чечим кабыл алынгандан кийин VII чакырылыштын депутаттары тарых жаратышканын айтып, эл өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары жаңы парламент шайланып келгенче сактала турганын билдирди.
Ал отурумда маселе каралып жатканда депутат Надира Нарматова кесиптештерин сынга алды.
"Болгондо дагы келгенине 1-2 жыл боло элек депутаттардын келе калып, кете калам деп демилге көтөргөнү коомчулукта түрдүү пикирди жаратты. Болгондо да 3 вице-спикер, алты комитеттин төрагасы маселе көтөрүп жатат. Ал эми парламентти таратуу боюнча келерки жылы июль-августта, каникул учурунда шайлоо өткөрүп койсо болмок",- деди ал.
Ошондой эле депутат мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн демилгени колдой турганын кошумчалады. Бирок бул сын анын бир кесиптешин чычалатса, бирин каяша айтууга аргасыз кылды. Кийин, Тургунбек уулу парламентти таратуу демилгеси боюнча президент менен кеңешкенин айтып чыкты.
Ал арада өлкө башчысы Садыр Жапаров кезексиз шайлоонун мөөнөтүн 30-ноябрга белгиледи. Президент аталган демилгенин көтөрүлүшүнө тиешеси жоктугун айтып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн тийиштүү чечимге барган депутаттарга ыраазычылык билдирди.
Ошентип, жыл башындагы имиш чындык болуп чыкты. Кезексиз парламенттик шайлоо жаңы мыйзам менен өтмөкчү болду.
Жаңы мыйзамга кыскача токтоло кетсек, анда өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган 3 талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Ошондой эле документте 30 депутаттык мандатты гендерлик квота боюнча берүү каралган. Мыйзам менен толук таанышууну калаасаңыз, бул шилтемеге кириңиз.
Шайлоонун башталышы жана жыйынтыкталышы.
Шайлоо алдында бийлик аны таза өткөрүүнү убадалады. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бийлик тарабынан шайлоодогу ар кандай көз боёмочулуктарга жол берилбестигин белгилеп, эми таза шайлоо өткөрүү элден гана көз каранды экенин айтса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоодо азыркы бийлик мурунку бийликтин каталарын кайталабастыгын билдирди. Ошондой эле атайын кызматтын башчысы шайлоого аттангандарды ар кандай көз боёмочулуктардан алыс болууга чакырып, жаза катуу болорун эскертти.
Бул жолку шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясын Тынчтык Шайназаров жетектеди. Ал төрагалыкка 11-февралда өз каалоосу менен кеткен Нуржан Шайлдабекованын ордуна келген.
БШКга парламент депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн алгачкы арыздар 6-октябрда түштү. 30-октябрда каттоо аяктады. Шайлоодогу үгүт иштери 10-ноябрдан 29уна чейин уланып, 30у күнү кезексиз парламенттик шайлоо өттү.
Мекеме шайлоого жалпы 460 талапкер катышканын, алардын 271и эркек, 189и аял, 16 майыптыгы бар талапкерлер экенин тактады. БШК ал күнү шайлоочулардын 36,90 пайызы, тагыраагы, 4 миллион 294 миң 243 жарандын 1 миллион 584 миң 446сы добуш берүүгө катышканын жарыялады.
Борбордук шайлоо комиссиясы 12-декбардагы жыйынында 87 адамды депутат катары тааныган токтом долбоорун кабыл алды. Парламенттеги 90 орундун 3үнүн бош калышына №13 округдагы жыйынтыктын жокко чыгарылганы себеп болду. Аталган округда кайра шайлоо болмокчу. Мекеме №13 округдагы 94 шайлоо тилкесинин 35инде талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз видеокөзөмөлдөрдү орнотуп, добуш берүү учурунда шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөп турганы аныкталганын белгиледи. Бул аймакта эң көп добуш алган талапкерлер Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова болчу. Эми аталган округдан катышкан мурунку талапкерлердин бардыгы кайра шайлоого бара алышпайт.
Ошентип, шайлоодон жеңип чыккандар аныкталды. Алсак, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына депутат болуп шайланган 87 адамдын 49у VII чакырылыштын, 4ү VI чакырылыштын эл өкүлдөрү. Эң улуусу 69да болсо, эң кичүүсү 25 жашта. Мурунку паламенттин 28 эл өкүлү шайлоодо жеңилип калды.
Бийлик башта берилген убада аткарылганын айтат. Президент бул жолу мурункулардан айырмаланып, шайлоодо коррупциялык көрүнүштөр жоюлганын билдирди. БШК төрагасы болсо, митингсиз шайлоо өлкө тарыхында биринчи жолу болгонун айтып, Кыргызстан дүйнөдө биринчи болуп, шайлоону жаңы систем менен ийгиликтүү өткөргөнүн билдирди.
Жаңы парламенттин ишке кириши.
17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны болду. Отурумда депутаттардын арасында эң улуусу болгон Гүлай Машрапова VII чакырылыштын ыйгарым укуктары токтотулганын жарыялап, жаңы чакырылыштын алгачкы жыйынын ачып берди.

Мамлекеттик гимн жаңырган соң 87 эл өкүлү кезеги менен БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун колунан депупаттык күбөлүк, төш белгилерди алышып, ант беришти. Ант берүү учурунда жаңылган депутаттар болду. Алсак, жаңы парламенттеги эң жаш делген 25 жаштагы Бекмырза Чолпонбай уулу анттын текстин унутуп калып, аны толук айтуу үчүн үч жолу кайталады. Улукбек Карыбек уулу да антты үчүнчү кайталоосунда толук айтты.
Ант берүү аяктаган соң Садыр Жапаровго сөз берилди. Президент депутаттарды калың элдин тандоосунан өткөнү үчүн куттуктап, кыргыз парламентинин тарыхына токтолду. Ошондой эле мамлекет башчысы эл өкүлдөрүнө кайрылып, аларды өкмөт менен кызмат орундары үчүн соодалашпоону, парламенттин жыйындарына ар дайым эле "министрлер өзү келсин" деген талапты коюп, чакыра бербөөнү өтүндү.
Андан ары Жогорку Кеңеште депутаттык топторду түзүү маселеси да каралып, жыйынтыгында 5 депутаттык топ түзүлдү. Анда "Ата Журт" тобуна 18, "Мекенчилге" 19, "Элдик" тобуна 18, "Адилет Кыргызстанга" 14 жана "Ала-Тоо" тобуна 15 эл өкүлү киргени жарыяланды. Ал эми Эльвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов жана Эрулан Кокулов бул топтордун эч бирине кошулган жок.
Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо маселеси да каралып, 5 депутаттык топ мурунку парламенттин спикери Нурланбек Тургунбек уулунун талапкерлигин сунушташты. Жашыруун добуш берүүдөн соң Тургунбек уулу парламенттин VIII чакырылышынын төрагасы болуп шайланды. Ал өз сөзүндө конструктивдүү сындар айтылып, трибунада элдин үнү угулуп турушу керектигин белгилеп өттү.
Ал эми төраганын биринчи орун басары болуп Чыңгыз Ажибаев дайындалса, Жылдыз Таалайбек кызы менен Карим Ханджеза орун басарлары болуп шайланышты. Андан соң парламенттин 8 тармактык комитети түзүлүп, төрагалары дайындалды. Ошентип, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы өз ишмердүүлүгүн баштады.
Шайлоодогу мыйзам бузуулар калыс каралдыбы же айрымдары жазасыз калдыбы?
Гендерлик квота боюнча Жылдызкан Жолдошова №8 шайлоо округунан алдыга чыкса, Ыргал Кадыралиева №9 округдан жеңип чыкты. Деген менен БШК аталган 2 округдагы айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыктарын мыйзам бузуулар болгон деген негизде жокко чыгарды. Мындан улам алар тиешелүү добуштарынан айрылды. Эки талапкер тең чечимге каршы Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылышып, бирок майнап болгон жок. Жогорку Сот да алардын арызын канааттандыруудан баш тартты. Жыйынтыгында Жолдошованын ордуна Нуржамал Төрөбекова, Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары таанылды. Айта кетсек, мандат буюрбаган эки талапкер тең Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары.

Ал эми №26 шайлоо округунан талапкер болгон мурдагы депутат Элдар Абакиров аталган округда добуш сатып алуу фактысы катталганын айтып, БШКга арыз менен кайрылды. Акыры даттануу Жогорку Сотко чейин жетип, майнап чыккан жок. ИИМ акча тараткан адам талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастап, текшерүү иши жүрүп жатканын билдирген. БШКнын 8-декабрдагы отурумунда акча таратууга талапкердин тиешеси жоктугу айтылган. Натыйжада, Саккараевге мандат берилди.
Шайлоо алдындагы массалык камоолор.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаров шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жазган. Кийинчерээк социалдык тармактарда анын маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү тарады. Мындан улам БШК Тайчабаровду талапкер катары каттоодон баш тартты. Тайчабаров БШКнын чечимине макул эместигин билдирип, бийликти сынга алды. Көп өтпөй ал уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар болгон делип кармалды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 30-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Ошондой эле шайлоого бир апта калганда шайлоо бүткөндө массалык башаламандыктарды уюштурууну көздөшкөн деген шек менен 10 адам кармалды. Алардын арасында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Жогору Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев, саясатчы Урмат Барктабасов, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Дамир Мусакеев жана Эрмек Эрматов бар. Алар 17-январга чейин камакка алынышты.
Массалык кармоо 22-ноябрь күнү болду. Алгач Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Facebook баракчасында милиция кызматкерлери үйүнө кирип келишкенин билдирип, видео жарыялады. Бирок ал көп өтпөй эле видеону өчүрүп салды. Ал арада Атазовдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргөнү маалым болду. Белгилей өтсөк, БШК 28-октябрда Атазовду мурунку депутат Жалолидин Нурбаев менен бирге талапкер кылып каттоодон баш таркан болчу.
Ички иштер министрлиги "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип кармалганын кабарлап, анын белгисиз адам менен сүйлөшкөндөгү видеосун таратты. Видедон анын бийликти алмаштыруу керектигин, Орусия мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду колдоп жатканын айтканын угууга болот.
Ал арада Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасында апасы менен бир тууганы эртең менен саат 8де кармалганын, суракта экенин билдирди. Кийинчерээк, ал апасы коё берилгенин маалымдады. Үйүнө күч органдарынын кишилери келгенин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров да Facebook баракчасы аркылуу айтып чыкты. Ал өзү ошол маалда үйдө болбогонун белгиледи.
Ал күнү айрым саясатчылар сурак да берип чыгышты. Жоюлуп кеткен финансы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдөн кармалып, Бишкекке алынып келингени айтылды. Окуядан көп өтпөй эле анын суракка кирип бара жаткандагы видеосу тарады. Анда Жапыкеев комментарий берүүгө жетишип, суракка эмнеге чакырылганын билбей турганын, "Социал-демократтар" партиясы менен эч кандай байланышы жок экенин айтты.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров да сурак берип чыкканы белгилүү болду.
Депутаттык мандатка байланыштуу кандай окуялар орун алды?
Депутаттыкты мэрге айырбаштаган Жеңишбек Токторбаев.
2025-жыл башталары менен Жеңишбек Токторбаев парламенттеги ордун мамлекеттик кызматка алмаштырды. Тагыраагы, мурдагы депутат январь айында Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Токторбаевдин ордуна Пархат Тулендыбаев келип, депутаттык мандаттын алды.
Муну кызык иш болду десек болчудан.
Февраль айында Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырып, БШКнын мүчөлүгүнө барды. Анын ордуна Гүлсүнкан Жунушалиева депутат болуп калды. Эң кызыгы Култаева парламент тарар алдында БШКдагы кызматынан кеткени болду. Кийин мунун түйүнү чечилди. Култаева кайра парламенттик шайлоого катышып, жеңип чыкты.
Кылмыш иши бардыгынанбы же каяша айтканынан уламбы?
БШК 28-мартта Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Султанбай Айжигитовдун мандатын жокко чыгарды. БШКга анын мандатын кароо боюнча УКМКдан кат жолдонгон. Атайын кызмат 2021-жылы Айжигитов депутаттыкка талапкер болгон кезде БШКга кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу кабар бербей жашырып койгон деген жүйө келтирген. Анын ордуна Табылды Муратбеков депутат болуп келди. Айта кетсек, Муратбеков бул шайлоону да жеңип чыкты.

Бул окуянын алдын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Айжигитовго мандаты караларын айткан. Анда сөз башынан болсун.
Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында Айжигитов кыргыз-тажик чек ара келишиминин долбоору боюнча өз позициясын билдирип, сунуштарын айтып чыкты. Эл өкүлү билдирүүсүнөн кийин кесиптештеринин талоонунда калып, "Ыйман нуру" фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарылды.
Ал эми 19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында Камчыбек Ташиев Айжигитовду оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган чек ара келишими боюнча коомдо туура эмес пикир жаратты деп айыптады.
Алардын ортосунда кайым айтышуу орун алып, Айжигитов "эмне десеңер жараша берет" десе, Ташиев аны мыйзамсыз жол менен келген эл өкүлү деп атады.
Мындан улам Султанбай Айжигитов парламенттен ага жакшы сөз берилбей жатканын жүйө кылып, бул боюнча кенен талкуу кылуу үчүн Ташиевди дебаттка чакырды. Анда УКМК башчысы өзүнүн ордуна аны менен дебатка БШК чыгарын айтып, күлүп койду.
Акыры БШК Айжигитовдун мандатын алды. Эл өкүлү болсо Бишкектин административдик сотуна кайрылып, бирок сотко чейинки териштирүү болушу керек деген жүйө менен арызын артка алды. Ал арада аны парламенттин имаратына да киргизишкен жок. Кийинчерээк эле Айжигитов жана анын жубайы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталышты. Ошентип, депутат жубайы менен чогуу 2-июнга чейин үй камагына алынды. Муну менен Айжигитовдун маселеси тынчыган өңдөнөт.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы быйыл элдин эсинде эмнелер менен калды?
Мыйзам менен бирге аты-жөнүн алмаштырган спикер.
Жыл башында парламент төрагасы Нурланбек Шакиев өз аты-жөнүн Тургунбек уулу Нурланбек деп өзгөртүп, тиешелүү документтерин алды. Ал муну депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген жарандар үчүн аты-жөнүн өзгөртүүдө тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү караган мыйзам долбоору менен байланыштырды. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш февралдын 6сындагы жыйынында жактырды. Мыйзам менен толук таанышууну кааласаңыз, бул шилтемеге кириңиз.
Мындан тышкары парламент мамлекеттик тилге байланыштуу мыйзамды кароодо элдин көңүл борборунда болду. Документ 21-майдагы отурумда биринчи окууда каралып, талаш-тартыш менен кабыл алынды. Мыйзам каралып жатканда Бактыбек Сыдыковдун: "Кыргыз тилин билбесем мен күнөөлүүмүнбү?" дегени кырнетте мемге айланды.
Жогорку Кеңештин депутаттары Замирбек Мамасадыков менен Шайырбек Ташиев жамандык–жакшылыктарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Аталган документ 27-январда коомдук талкууга коюлду. Бул да коомчулукта талкуу жараткан. SUPER.KG порталы эл өкүлдөрүнөн өз пикирлерин сурады. Бирок бул мыйзам парламенттин кароосуна кирген жок.
25-июнда Жогорку Кеңеш интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам биринчи окууда кызуу талкуу менен кабыл алынган. Бул коомчулукта да кызуу пикирлерди жаратты.
Эрулан Кокулов бул жылы парламентте бир топ эле чуу салды көрүнөт.
Кокулов кесиптеши Нурбек Сыдыгалиев менен кер-мур айтышып, ачууланган Сыдыгалиев аны эшикке чакырып, экөө жыйындар залынан чыгып кетишкен жайы бар. Кокулов парламент төрагасынан депутаттардын укугун коргоп берүсүн өтүнгөн. 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кокулов баяндама жасап жатып, кесиптештерине ачууланганы элдин эсинде калды. Мындан улам спикер менен айтыша да кеткен. Анын Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен болгон чыры да коомчулукка белгилүү. Акыры Нусувалиев камакка алынды.
Мындан тышкары, Камила Талиева кесиптеши Мирлан Самыйкожону "акындыгың курусун" деп зекиген жайы бар. Депутаттар Надира Нарматова менен Марлен Маматалиев кайым айтышса, Нурбек Сыдыгалиев менен Медер Алиев кер-мур айтышкан. Булардын катарына Сүйүнбек Өмүрзаков менен Алишер Эрбаевди да кошсок болот. Дагы башка да бир катар депутаттардын кайсы бир маселедеги жасаган билдирүүлөрү коомдо талкуу жарата алды.
Өзүн-өзү таркаткан Жогорку Кеңешти коомчулукта бийликке сын айта албаган, алсыз болду деп мүнөздөгөндөр көп. Жаңы парламент кандай иш алып барат аны убакыт көрсөтөт.
Ошентип, саясат темасын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылганы менен жыйынтыктасак болчудай.

кошулду
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















