super.kg logo

Бишкекте топ балдар тарабынан жаран сабалып, шектүүлөр кармалышты (видео)

 

Бишкекте түн ичинде коомдук тартип бузган төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалым болгондой, 28-декабрга караган түнү саат 01:48 чамасында "102" кызматына Тыналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында белгисиз адамдар эркек кишини сабап жатышканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Ленин райондук милиция окуяны каттоого алып, жерине барды. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 1999-жылы туулган С.А., И.А., У.С. жана К.А. аттуу жарандар кармалышты. Алдын ала аныкталгандай, алар мас абалында коомдук тартипти одоно бузуп, "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткарган эмес.

Кармалган жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлүп, төрт жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.






Тыналиев көчөсүндө жарандар ортосунда мушташ чыгып, төртөө кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: