Оштун мэри мектепте пол жууп иштеген 8 балалуу энеге үй берди (видео)
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жаңы жылга карата 8 балалуу энеге үй белек кылды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган эне көп жылдан бери мектепте пол жууп иштеп келген. Калаа башчысы буга чейин мектептеги оңдоп-түзөө иштеринен кабар алуу учурунда көп балалуу эненин абалы менен таанышып, ага жардам берерин убадалаган.
"Турак жай толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жашоого бардык шарттары бар. Калаа башчысы мындан тышкары, үй тиричилигине керектүү эмеректерди жана муздаткыч, газ плитасы, аристон, сыналгы дагы алып берди",- деп билдирди мэрия.
Токторбаев 8 балалуу эне Роза Абдыкарованы жаңы конушу менен куттуктап, балдарына жана үйүнө келген конокторуна белек тапшырган.
Оштун мэри мектепте пол жууп иштеген 8 балалуу энеге үй берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
zamir_kgz
30.12.2025. 21:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканга шүгүр, элдин керегине жараган аттуу баштууларыбыз көбөйө берсин.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















