super.kg logo

Муниципалдык инспекцияга жана райондук акимиаттарга кызматтык унаалар тапшырылды 

 

Бишкек шаарын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык инспекцияга жана райондук администрацияларга 17 кызматтык унаа тапшырды. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.

Иш-чарада шаар башчысы аталган кызматкерлердин жетишкен ийгиликтери, анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип өткөн.

"Бул иш-чара, балким, анчалык чоң эмес көрүнүшү мүмкүн. Бирок шаарды натыйжалуу башкаруу үчүн абдан маанилүү. Муниципалдык инспекциянын салымын өзгөчө белгилеп кетким келет. Мисалы, 2025-жылы жай мезгилинде ар бир транспорт каражаты көзөмөлдөнүп, тыюу салынган заттарды колдонгон мончолордун жана башка объекттердин ишмердүүлүгү текшерилди. Ошондой эле акыркы эки жылда салынган айып пулдардын суммасы инспекция түзүлгөнгө чейинки 2023-жылдагы көрсөткүчтөрдөн кыйла ашты",- деген мэр.

Ошондой эле Жунушалиев муниципалдык инспекцияга мончолорду, социалдык объекттерди жана башка жылуулук менен камсыздалган мекемелерди текшерүү иштерин күчөтүүнү, айрыкча "Дордой" конушунда жана ага чектеш аймактарда көзөмөлдү арттырууну тапшырган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: