Чүйдө бирөөнүн үч унаасын алдап алып кеткен шектүү кармалды (видео)
Чүй облусунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын март айында райондук милиция бөлүмүнө 38 жаштагы С.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, бир жыл мурун анын ишенимине кирип, 23 миң долларлык Toyota Hilux үлгүсүндөгү унаасын, 7 миң долларлык Honda Stream үлгүсүндөгү унаасын, 15 миң долларлык Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаасын жана 20 миң доллар акча каражатын алган. Аталган акча каражатын алган шектүү акчаны курулуш бетону менен төлөп берерин убада кылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Август айында тергөө кызматы тарабынан кылмышка шектүү 37 жаштагы Б.М. аттуу жаран экени аныкталып, издөө жарыяланган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө издөөдө жүргөн шектүүнүн жашаган жери аныкталып, кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Чүйдө ири алдымчылыкка шектелген жаран кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















