Жаңы жылды ишенимдүү Beeline тармагы менен тосуңуз

Жаңы жыл — куттуктоолордун, жылуу мамиленин жана аралыкка карабай жакындаштырган бактылуу көз ирмемдердин учуру жакындап келе жатат. Мамлекеттик Beeline уюлдук оператору майрамдык маанайга багыт алып, сиздер жаңы жыл түнү байланышта болушуңуздар үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасады.
Майрам күндөрү бардык чалуулар, билдирүүлөр, сүрөттөр жана видеолор өз даректерине жетиши өзгөчө маанилүү. Ошондуктан Beeline майрамдык жүктөмгө алдын ала даярданып, тармактын сапатын жакшыртты. Жаңы базалык станцияларды орнотуунун жана инфраструктураны модернизациялоонун аркасында байланыш туруктуу, ал эми интернет андан да ылдам иштейт.
«Beeline 2026-жылга сапаттуу, туруктуу жана заманбап тармакты курган мамлекеттик оператор катары кирүүдө, — деди компаниянын аткаруучу директору Кубаныч Шатемиров. — Биз өзүбүздүн потенциалыбызды күчөттүк: жаңы жыштыктарды алдык жана 250дөн ашык жаңы базалык станцияларды жана 1200дөн ашык учурдагы объектилерди модернизациялоону камтыган масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кириштик. Компания байланыш туруктуу, интернет ылдам жана технологиялар ар бир адам үчүн жеткиликтүү болушу үчүн тармактын сапатын жакшыртуу боюнча дагы да активдүү иштеп жатат».
Beeline Кыргызстан ошондой эле эл аралык байланышка кам көрүп, ар бир абонентке Россиянын «Билайн» номерлерине чалуу үчүн 120 мүнөт белек кылды. Эгерде Россиядагы жакындарыңыз менен мессенджерлер аркылуу байланыша албасаңыз, чалуу — Жаңы жыл менен куттуктоонун эң оңой жана ишенимдүү жолу. Акысыз мүнөттөрдүн пакети азыртан эле активдүү жана 2026-жылдын 15-январына чейин иштейт.
Beeline Кыргызстандын жашоочуларын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайт жана баарына бактылуу майрам каалайт. Байланышта болуңуз, ырахаттануу менен баарлашыңыз жана сизге кымбат адамдар менен жылуулукту бөлүшүңүз.
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















