super.kg logo

Догдуркүл Кендирбаева: "Мугалимдердин айлыгы эки ирет көтөрүлгөн"

 

2026-2027-окуу жылында мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Министрдин айтымында, буга чейин аталган тармактагы адистердин маянасы эки ирет жогорулатылган.

"Президентибиздин агартуу системине өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын көрүп жатасыздар. Буга чейин айлык акы эки ирет көбөйгөн. Биринчиси 2022-жылы табигый так илимдер тармагындагылардыкы 20 пайыз кошуу менен 100 пайызга, жалпы мугалимдердики 80 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми азыр 100 пайызга көтөрүлгөнү жатат. Бул бизге чоң колдоо, мүмкүнчүлүк, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик болуп эсептелинет. Бүтүндөй агартуу тармагында эмгектенип жаткан адистерибиздин эмгек акысын жогорулатуу менен Кыргыз республикасынын өспүрүмдөрүнө, жаш балдарына сапаттуу билим берилүүсүнө чоң шыктандыруу, мотивация деп билем",- деди Кендирбаева.

Буга чейин, президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөрүн айткан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: